13:50, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте катуу шамалдын болушу күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
«Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Сак болуңуздар!», — деп эскертет ӨКМ.