«Бул долбоор ШКУ мамлекеттеринин транзиттик дараметин жана соода-экономикалык аймак аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталат. Аны ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзөт», — деп билдирди өкмөт башчы.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоорду ишке ашыруу бардык өлкөлөргө экономикалык жана коммерциялык пайда алууга шарт түзө турганын кошумчалады.
ШКУ — 2001-жылы 15-июнда түзүлгөн, туруктуу иштөөчү өкмөт аралык уюм. Анын курамында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Пакистан, Индия, Орусия жана Кытай бар.
Төрт өлкө — Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия — байкоочу-мамлекет макамында. Алты өлкө — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка — ШКУ диалогу боюнча өнөктөш.