Даңк аллеясында Бек Борбиевдин жылдызы пайда болот

11:10, 01 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Даңк аллеясында Бек Борбиевдин жылдызы пайда болот. Бул тууралуу ырчы өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

«Азия Молл» соода түйүнүнүн алдындагы Даңк аллеясында Бек Борбиевдин жылдызын ачуу аземи 3-ноябрда өтөт.

Белгилей кетсек, биринчилерден болуп аллеяда жылдыз Мирбек Атабековго ыйгарылып, андан кийин Омар Жанышов ээ болгон.