01:53
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Учурда баш калаанын 13 көчөсү оңдолууда

Бишкекасфальтсервис жолдорду оңдоону улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишкана 38 көчөнү оңдоону пландаган, анын 25и толугу менен оңдолду. Калган 13 көчөдө ремонт уланууда. Учурда Якутск, Оттук, Муса Жалил көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.

Билдирүүгө ылайык, иштер ушул жылдын акырына чейин жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, кечээ Москва көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар