17:55, 31 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик салык кызматы 9 айда салык карыздарын мажбурлап өндүрүү боюнча кабыл алынган чаралардын жыйынтыгында бюджетке 3 миллиард 740 миллион сом өндүрдү. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 51,1 миллион сомго көп. Мындай маалыматты аталган кызматтан билдиришти.
Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө, салык төлөөчүлөргө тапшырылган 7 миллиард 609,3 миллион сом суммасындагы 79 миң 184 чечимдин ичинен 56 миң 123 чечим боюнча 2 миллиард 623,6 миллион сом өндүрүлгөн.
Мындан сырткары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 2 миллиард 499,4 миллион сом суммасына 2 миң 682 салыктык төлөм талаптары коюлган. Алардын ичинен 495,6 миллион сому өндүрүлгөн.