00:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош шаарында жөө жүргүнчү жүк ташуучу унаанын астында калды

Ош шаарында жөө жүргүнчүнү жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя бүгүн саат 10:00дөр чамасында Кулатов кичирайонунда болгон.

DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа бурулуп жатып, капыстан чыга калган кишини сүзүп алган. Жабырлануучу унаанын астында калып, ошол жерден жан берди.

Аталган факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума