Москвада Кыргызстанда кылмыш кылгандыгы үчүн изделип жаткан жаран кармалды

15:21, 30 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Москвада Кыргызстанда кылмыш кылгандыгы үчүн изделип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 2012-жылы издөөгө алынган. 1981-жылы туулган К.В. ЖАМК тарабынан изделип жаткан.

К.В. 2000-жылы Баткен гарнизонунун Аскер соту тарабынан «Ок дарыларды, ок атуучу куралды жана жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу», «Кароол боюнча эрежелерди бузуу» беренелери боюнча соттолгон. Ал 8 жылга эркинен ажыратылган. Күчөтүлгөн режимде жаза өтөп жатып, кийин жатак абакка которулганда качып кеткен.

Шектүү 16 гранат, окторду уурдаган деп шектелүүдө.