10:05, 30 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Талас облусунда мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү-майлоочу май аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Манас районунда «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган. Текшерүү маалында унаадан 3,2 тоннадан ашуун АИ-92 үлгүсүндөгү бензин табылды.
Май тиешелүү документтери жок ташылып келингени анык болду.