10:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу пилоттук долбооруна 13 компания катышат

Салык кызматынын Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна 13 ири компания катышууда. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде «Аман банк» ААК, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК, «Кыргызалтын» ААК, «Кыргызаэронавигация», «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы, «Шоро» ЖАК, «Түндүк электр» ААК, «5 канал» ЖАК, «Сибирь Трейд» ЖАК, «Форестер» ЖЧК, «Халык банк» ЖЧК, «Джунда» ЖЧК, «Темир Тулпар» ЖЧК бар.

Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр ыктыярдуу негизде пилоттук долбоорго катышат. Алар эсеп-фактураларды түзүүнүн жана электрондук документ түрүндө жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык, пилоттук долбоордун катышуучусу катары каттоодон өткөн.

Пилоттук долбоорго катышуу анын катышуучуларына маалыматтык системанын иши менен алдын ала таанышууга жана зарыл болгон учурда аны жакшыртуу жана жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып өкмөттүн токтомуна ылайык ишке киргизилген. Пилоттук долбоор өткөрүлгөндөн кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга таркатылат.


Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума