12:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Орусия Тажикстанга 5 миллион долларга аскердик жардам көрсөттү

Орусия Тажикстанга кайтарымсыз түрдө 320 миллион рублга же 5 миллион долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын берди.

Орусия Борбордук аскер округунун башчысы Александр Лапиндин айтымында, тажик армиясы радиолокациялык станцияга, чопкутталган заманбап аскердик унааларга ээ болду. Аскердик техникалар тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Орусиялык басылмалардын билдиришинче, 2017-жылы Орусия Коргоо министрлиги Тажикстанга кайтарымсыз түрдө кургактан жана абадан коргонуучу курал-жарактарды, медициналык жана басмакана жабдууларын берген.

Быйыл февралда Тажикстан дагы 9 миллион долларга бааланган абадан коргонуучу каражаттарга ээ болгон.

Тажикстанда 201-аскердик базаны жайгаштыруу келишими боюнча Орусия бул өлкөнүн армиясын 2042-жылга чейин жаңылоого милдеттенме алган. Учурда ал Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектиси болуп эсептелет.

Стратегиялык иликтөөлөр боюнча эл аралык институттун (IISS London) үч жыл мурдагы маалыматына караганда, Тажикстан куралдуу күчтөрүнүн катарында жалпысынан 8 миң 800 киши эмгектенет.

Эң көп окулган жаңылыктар