20:37
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 миң куту тамеки табылды

Ош шаарында чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 15 миң куту «Rothmans» маркасындагы чыпкалуу тамеки табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кыргызстандык А.Ш.нын башкаруусундагы «Тойота Естима» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 1 миллион 87 миң 500 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар