Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард кубометрди түздү

15:35, 29 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,12 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс жана кен байлыктар боюнча комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр бул убакта суунун көлөмү 18,9 миллиард кубометрге жеткен.

Өкмөт суунун аз болгонуна карабай электр кубаты үзгүлтүксүз бериле турганын айтты.