09:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 60 камера орнотулат

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера алып келинип, орнотулуп жатканын айтты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Министрлик аталган борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо экенин кабарлады.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Бул проекттин алкагында Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. 

Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» райондоруна да видеокамераларды орнотуу каралууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы быйыл февралда башталып, анда «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби