16:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБ чыры. Айыпталуучулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

ЖЭБди модернизациялоодогу жемкорлук фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы барлар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, эгер сот айыптоочу өкүм чыгарса, коргоочу тарап жогорку инстанцияга арызданат.

«Эгер айыптоочу өкүм чыга турган болсо биз кайра арызданабыз. Соттордун адилетсиздиги коомдо чыңалууну жаратууда. Өмүрбек Текебаевди башаламандык боюнча соттоп жатышканда, көптөгөн тергөөчүлөр менен судьялар мыйзам буза баштаган. Алар эгер Сапар Исаков опер кызматкеринин рапорту боюнча отургузулган болсо, ошондой кыла берсе болот деп ойлоп жатышат», — деди жактоочу. 

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар