Уюштуруу иштерин колго алышкан жок. Министр кол алдындагы башкармалыкты сындады

10:17, 29 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Автоунаалардын көбөйүшү кошумча тоскоолдуктарды жаратууда. Бул тууралуу ИИМдин 9 айдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Министр Кашкар Жунушалиев Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн катуу сынга алды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, автоунаа паркы 2010-жылдан тартып өлкөдө 3 эсеге көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң бирдик автоунаа каражатын түзгөн. 

«Көчө-жол тармагынын жана жол инфрасктруктуранын өнүгүшүнүн деңгээли автопарктын санынын өсүшүнөн артта калууда. Көп жолдордун параметрлери кыймылдын жана транспорттордун агымына такыр жооп бербейт. Айрым жолдордо ар дайым тыгындар көп болуп, оор кесепеттери менен же транспорттук тыгындарга алып келген жол кырсыктарына учуроодо. Республиканын жолдорундагы авариялык абал калк жыш жайгашкан ири аймактардагы чоң көчөлөр менен жолдор тыгынга толгон. Мисалга алсак, Бишкектин көчө-жол тармагы 40 миң автоунаага эсептелген. Ал эми, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү 420 миң бирдик автоунаа бар. Бул, 10 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт», — деди министр.

«Бишкек-Торугарт» менен «Балыкчы-Ананьево-Каракол» унаа жолдору 7 мин автоунаа каражаттарына туура келсе, жайкы маалда 40 миң автомототранспорт каражаттары бир күн ичинде өтөт.

«Ушуга байланыштуу жол-транспорттук кырсыктардын саны өскөндүгү байкалат. Андан сырткары, жол транспорттук кырсыктар айдоочулардын тажрыйбасынын жоктугунан жана жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен болот. Биздеги маалымат боюнча, жыл сайын республикада 65-70 миң жаран авто каражаттарын башкаруу үчүн күбөлүк алат. Айдоочулардын сапатынын төмөндүгү, жол эрежелеринин коопсуздугун сактабагандыгы да жол кырсыктарына себеп болууда. Албетте жолдорду жарыктандыруу да жокко эсе. Мына ушул жогоруда мен белгилеген жагдайлар боюнча ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы », — деп министр катуу сынга алды.