Эл аралык террордук уюмдун атайын даярдыгынан өткөн кыргызстандык кармалды

10:46, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 2015-жылдары эл аралык террордук уюмдун лагеринде атайын даярдыктан өткөн 25 жаштагы кыргызстандык Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аны уюмдун башчылары диверсиондук-террордук акция өткөрүү үчүн Кыргызстанга жиберишкен. 

Д.А. 2016-жылдан бери издөөдө турган.

Кармалган жаран Жалал-Абад ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.