10:46, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 2015-жылдары эл аралык террордук уюмдун лагеринде атайын даярдыктан өткөн 25 жаштагы кыргызстандык Д.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аны уюмдун башчылары диверсиондук-террордук акция өткөрүү үчүн Кыргызстанга жиберишкен.
Д.А. 2016-жылдан бери издөөдө турган.
Кармалган жаран Жалал-Абад ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.