Кайберен аткан депутат. Жыргалбек Турускуловдун аңчылыктагы сүрөтү жарыяланды

10:16, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускуловдун атылган кийик менен түшкөн сүрөтү социалдык тармакта жарыяланды.

Фото интернеттен алынды

Бирок, азырынча депутат сүрөттү тактай да, четке кага ла элек.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеште айрым жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор каралбай калды. Мыйзам долбоорго каршы чыккан депутаттардын арасында Жыргалбек Турускулов дагы бар.