«Тазалык». Кышка карата 5 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум камдалды

09:19, 28 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» ишканасы кышка карата даяр. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын жолдорун тазалоо үчүн 35 даана атайын унаа даяр турат. Алардын ичинен 26сы кар тазалоочу, 2 кум себүүчү унаа. Мындан сырткары 40 кызматкер тартылат.

Бул жылы кышка карата 5 миң тонна туз жана 3 миң тонна кум камдалды.