13:47, 25 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, шаардын Т.Байзаков көчөсүндө жайгашкан бир имаратты Феруза аттуу аял ижарага алып, мончо-саунаны сойкукана катары иштетип келген. Аталган жай тинтүүгө алынып, ыплас иштер менен алектенип жүргөн 8 аял (жашы болжол менен 25-35 жаштагылар) аныкталды. Арасында Өзбекстандын жараны бар экени айтылууда.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.