Боом капчыгайы маал-маалы менен жабылып турат

11:52, 25 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу 28-октябрдан 1-ноябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9дан 15:00го чейин Боом капчыгайында атайлап таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

30-40 даана унаа чогулуп калган маалда иштер токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.