06:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ар бир прокурор айына 246дан кем эмес кылмыш ишин изилдеп чыгышы керек

Кыргызстанда укук коргоо органдары менен прокурорлордун иликтеп жаткан кылмыш иштеринин жүгү оорлоду. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүктү жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы Замир Бейшекеев билдирди.

Анын айтымында, көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын ар бир прокурору айына 246дан кем эмес кылмыш ишин изилдеп чыгышы керек.

«Бул физикалык жактан мүмкүн эмес. Биз өкмөткө тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун бирдигин көбөйтүү тууралуу тиешелүү кат жолдодук», -деди Замир Бейшекеев.

Эң көп окулган жаңылыктар