Өкмөт жана мобилдик операторлор казакстандыктарга мобилдик телефондордун IMEI-коддорун каттатуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилгенин, мөөнөт 1-январда эле аягына чыкканын маалымдады.
Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, учурда Нур-Султанда ондогон абоненттер каттоодон өтүү үчүн кезекте турат.
Быйыл жаңы телефон алган абоненттер аппараттарынын IMEI-коддорун каттата элек болсо, мобилдик операторлорго жеке кайрылып, же SMS- билдирүү жөнөтүшү керек. Жарандык жеке идентификациялык номур менен байланыштырылган аппарат абоненттин атына берилген SIM-карталар менен гана иштейт.
Кошумча каттоо жана калктын маалыматтарын бир базага топтоо зарылдыгын казак бийлиги телефон уурдоо учурлары көп кездешип жатканы менен түшүндүрүүдө. Айрым активисттер болсо, бул ыкма жарандарды аңдууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө тынчсызданышууда.