Чет элдик жумушчу күчтөрүн тартууга 77 компаниянын арызы жактырылды

16:11, 24 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик миграция кызматынын ведомстволор аралык комиссиясы 18-октябрда компаниялардын чет элдик жумушчу күчтөрүн тартуу жана пайдалануу тууралуу арызын карап чыкты.

Комиссия 77 компаниянын арызын колдоду. Ал эми 4 компаниянын арызын кароого калтырышты.

«MERCY CORPS INTERNATIONAL» филиалы, «Forester» («Форестер») ЖЧК, «CUS — Бишкек» ЖЧК, «М энд А Корпорация» ЖЧК, «HEDEF DVA» («ХЕДЕФ ДВА») ЖЧК, «Парадайс Тревел» ЖЧК, «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк» ААК жана башка компаниялардын арыздары жактырылды.