13:00, 27 октября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА
Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн үч, же төрт жылга чейин кыскартууну «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев сунуштады.
Анын пикиринде, депутаттар 2-3 жыл иштегенден кийин эл тажап калат.
Депутат Баш мыйзамга карата өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө коюлган мораторий аяктаган соң, 2020-жылы парламенттин иштөө мөөнөтүн да кыскартуу зарылдыгын белгилейт.
Жогорку Кеңеш партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат. Кезектеги парламенттик шайлоо кийинки жылдын 4-октябрында өтөт.
24.kg агенттиги парламенттин иштөө мөөнөтүн кыскартуу тууралуу сунуштун айланасында сурамжылоо жүргүздү.
— Парламенттин иштөө мөөнөтүн кыскартса болот. АКШда депутаттар 3 жылга, ал эми Европада 4 жылга шайланат. Мындай жыштыкта муундардын жана элиталардын алмашуусу тездейт. Бул алгачкы кезекте тез өнүгүү үчүн керек. Эгер элиталардын, саясатчылардын мууну алмашпай турган болсо, анда өзгөрүү басаңдап, өлкө дагы жай өнүгөт.
— Жок, эч качан кыскартууга барбаш керек. Анткени, биринчиден кайсы өлкө болбосун президентсиз өз жашоосун өткөрсө болот, ал эми парламентсиз бир да өлкө өз ишин алып бара албайт.
Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу милдетинен тышкары, келишимдерди ратификациядоо вазыйпасы да бар. Парламент шайлоодо жүргөн мезгилде мындай маселелер чечилбей, насыя алуу, же башка келишимдер токтоп калат.
Экинчиден, шайлоо процесси миллиондогон акча каражатын талап кылат.
Анын ордуна 120 депутаттын санын 60ка кыскартсак, Шайлоо кодексин калыбына келтирсек туура болот.
— Кеп кыска же узунунда эмес, кеп реформа кылып өнүктүргөндө. А азыр реформа да, өнүгүү да жок.
— Идеясы күчтүү инсан эч качан тажабай, кайрадан күчөп жаңы иликтөөлөр, изденүүлөр менен бирге болот. Иштей билген адам үчүн бул 3 жылдык мөөнөт аздык кылат. Ал эми башында ою, каруусунда күчү жок болсо айла жок! Өзү тажап калса керек.
— Көтөрүлүп жаткан маселе өтө орчундуу. Мен мындай демилгеге каршымын. Азыр депутаттык мандат 5 жыл, андан дагы узартуу жолун карап көрүшүбүз керек. Себеби, 2020-2021-жылы бизде жүздөгөн шайлоо өтөт. Жергиликтүү айылдык кеңештерден баштап Жогорку Кеңешке чейинки эл өкүлдөрүн бекитебиз. Анын баарына бюджеттен эле бир топ каражат кетет.
Тилекке каршы, жергиликтүү кеңештеги, Жогорку Кеңештеги депутаттар дагы «эптеп кийинки, эмдиги шайлоодон өтүп алсам» деген эле ой менен жашап калышты. Ошондуктан Жогорку Кеңештин сапатын көтөрүү үчүн, мөөнөтүн кыскартып эмес, шайлоо мыйзамын оңдоп-түзөө керек. Бандиттерди, чала спортчуларды, окуй, же сүйлөй албагандарды, жер саткандарды, соодагерлерди, түшүнүксүз адамдарды Жогорку Кеңешке алып келбеш керек.