04:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жашырылган байлык. Айсулуу Мамашова өзүнө коюлган айыпка жооп берди

Депутат Айсулуу Мамашова 24.kg агенттигине журналисттердин иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди. ЖМКда жазылгандай, депутат 5 фирмасы тууралуу маалыматты салык кызматынан жашырып койгон.

Анын айтымында, ЖМКлар ачык булактарга таянып депутатты 5 фирманын жетекчиси жана кош-негиздөөчүсү деп жазышкан. Анда депутатка аквапарк, аба аркылуу жүктөрдү ташуучу компания жана туристтик агенттик тиешелүү делет.  Бирок, DASNUR жана «Дасмия» аквапаркы жабылган, ал эми KIT-TRAVEL ЖЧК менен Aisu-Lu («Айсу-Лу») ЖЧК жана «Дасмия Авиэйшн» ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. 

Бирок, Айсулуу Мамашова фирмалардын жабылуу процесси аяктай электигин билдирди. «Аларды жабуу процесси жүрүп жатат, бирок биз каалагандай тез жабуу ишке ашпай эле. Анткени негиздөөчүлөрдүн курамында башка өлкөнүн жарандары дагы бар. Мен бул компанияларды башкарбаймын. Алар иштебейт жана киреше дагы алып келбейт», -деди ал.

Депутаттын айтымында, Адилет министрлигинин жана Салык кызматынын маалымат базасында фирмалар бар, бирок аталган ведомстволордун системасы ишканалар жабылганын көрсөтпөйт.

«Тактап айтканда, алардын реалдуу статусу көрсөтүлбөйт, ошон үчүн мени 5 фирманын негиздөөчүсү дешүүдө. Бул андай эмес. Ошондой эле алар иштебегендиктен, киреше дагы алып келбейт», -деди Айсулуу Мамашова.

Депутат анын фирмасы жок деген күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтүүгө даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар