Казакстандан түтүк аркылуу бензин сордурган топ кармалды

13:37, 24 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды.Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, Кең-Булуң айылынан аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн.

Бул факт боюнча териштирүү башталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат.