Компьютердик оюндар- социалдык көйгөйгө айланууда. Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Бул тууралуу депутат Орозбек Алыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында жарнамалоого тыюуу салуу зарыл», -деди депутат.
Айтымында, азыртан азгырыктан арылтпаса, жаш муунду бузуп алуу коркунучу бар.