Бишкекте «Алайдан Ааламга» аттуу буюмдар жыйнагынын бет ачары өтөт

10:40, 24 октября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Бишкекте «Алайдан Ааламга» аттуу буюмдар жыйнагынын бет ачары өтөт. Анда Алай жана Чоң-Алай өрөөнүнөн чыккан жергиликтүү айымдардын колунан жасалган эмгектери коюлат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чара 26-27-октябрь күндөрү болот. Анда уз айымдар мастер-класс өткөрүп, жарманке уюштурулат. Ошондой эле мода көргөзмөсү орун алат.

Жарманкеде кийизден жасалган килемдер, дизайнерлердин жасалгалары, эски кийимдер элдин сынына коюлат.