17:01
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мурино кыштагында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын жаранына ок атышты

Орусиянын Ленинград облусундагы Мурино кыштагында белгисиз бирөөлөр Кыргызстандын жаранына ок атышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Ал жактан медициналык жардам алгандан кийин түндө качып кеткен.

Окуя 21-октябрда катталды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Окуяны элчилик көзөмөлдөп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума