06:18
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Прокурор Икрамжан Илмияновду 7 жарым жылга эркинен ажыратууну суранды

Октябрь райондук сотунда президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук териштирүү уланууда.

Процесстин жүрүшүндө сот ишти кароо аягына чыкканын айтып, тараптардын талкуусуна өттү. 

Мамлекеттик айыптоо өкүлү Икрамжан Илмияновдун күнөөсү толугу менен далилденди деди. Прокурор соттон аны 7 жарым жылга эркинен ажыратып, 180 миң сом өлчөмүндө айыппул салууну суранды. 

Эске салсак, Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда Биринчи Май райондук соту аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда ал Татарстандан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар