13:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Жогорку Кеңеште түштөн кийинки тамактануудан кийин болгону 15 депутат отурат

Жогорку Кеңеште эртең менен катталган 108 депутаттын болгон 15и түштөн кийинки тамактануудан келишти. 

Бүгүн күндүн темасында «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланат. Ошондой эле «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамга президенттин каршы пикири жана Жогорку Кеңештин «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү тууралуу" токтом долбоору талкууланмакчы.

Эске салсак, парламенттин мүчөлөрүнүн жумушка өз убагында келбегендиги алгачкы жолу болуп жаткан жок. Өткөн бейшембиде отурумга болгону 12 депутат катышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар