Чүй облусунда унаа айдап качканга шектүү делген жаран кармалды

17:55, 22 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда унаа айдап качканга шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Бишкектин тургуну унаасын айдап качкан белгисиз жаранга карата чара көрүүнү суранган.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бүгүн Новопокровка айылындагы стационардык посттон тескөөчүлөр «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү маалында унааны башка бирөөлөр айдап качып, издөөдө тургандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.