Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңыланат

14:23, 22 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд Бишкектеги Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тургузулган эл артистинин эстелигин кайра оңдоп баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 
 
Скульптор Алмаз Кожогуловдун иши көп талаш-тартышты жараткан. Көпчүлүк эстеликти Сүймөнкул Чокморовго окшоштурган эмес.
 
Азырыкы жаңы эстеликтин авторлору -скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев. Алар эстеликти кайра калыбына келтирүү ишин 17-ноябрга чейин бүтүрүшөт. 
Фото