Бишкекте 40 жаштагы киши алты жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн

11:21, 22 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 40 жаштагы киши жаш кызга карата адепсиз жорук жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.

Анын айтымында, шектүүнү кармашып, № 1 тергөө абагына киргизишти.

«Кармалган жаран 6 жаштагы кызды алдап мончого алып барып, адепсиз жорук жасаганга аракет кылган. Кыз анын колунан суурулуп качып кетүүгө үлгүргөн. Андан кийин кыздын ата-энеси милиция чакырып,  шектүүнү качып бара жаткан жеринен колго түшүрүштү», -  дейт Эсения Рамазанова.