USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Бишкекте балдар үйүнүн 2 тарбиялануучусуна жатаканадан бөлмө берилди

11:14, 22 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте балдар үйүнүн 2 тарбиялануучусуна жатаканадан бөлмө берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев Фучик көчөсүндө жайгашкан жатаканадан 2 аз камсыз болгон үй-бүлөгө бөлмөнүн ачкычын тапшырды.

Алардын бири Бекжан Үмөталиев 2-топтогу майып. Ал инсульт алгандан кийин өз батирин сатууга аргасыз болгон. Кийин ижарага алган батирде жашап келген. Буга чейин райондук акимиатта «Жетим балдар» жеңилдетилген категориясы боюнча турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондордун тизмесинде турган. Учурда короочу болуп иштейт.

Азиза Тагаева дагы бөлмөнүн ачкычын алды. Ал 2 баланы жалгыз тарбиялап келет, учурда иштебейт. 3 жылдан бери муниципалдык турак-жай алуу үчүн кезекте турган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика