Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берилбейт

08:53, 22 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн түнкү саат 11ден кийин Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берилбейт. Бул тууралуу «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманжан датка, Манас-Ата , Туран, Достук кичи райондорунан жана Калинин калктуу конушунан башка аймактарда таза суу берилбейт.

«Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын таза суу, саркынды суу тармактарында жана бекеттеринде күзгү профилактикалык оңдоо иштери жүрөт.