15:41, 21 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунда унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган 9 айдоочуга айыппул салынды. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
19-октябрда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда саат 15:00дөн 18:00гө чейин рейд жүргүзүлдү.
Анда унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатып айдап бара жаткан айдоочулар токтотулган. Алар үлпөт той картежин коштоп бара жатышканы маалым болду.