16:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектүүлөр № 1 тергөө абагына киргизилди

«Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектүүлөр № 1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердловский райондук соту кабыл алды.

«Сот кармалган 4 жаранга карата бөгөт чарасын тандаган. Алдын ала билдирүүгө ылайык, бул кылмышка жалпы 8 кишинин катыштыгы бар. Алардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү- 39 жаштагы М.Т.», -деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, ишке Хуфур Абдурахеман 4-октябрда дайынсыз жоголгон. 2 жумадан кийин анын денесин Кочкор районунан табышкан. Милиция 4 шектүүнү кармады, алардын экөө мурда тартип сакчысы болуп иштегени айтылууда. Алар ишкердин унаасын боеп, минип жүрүшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар