10:56, 21 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыздуу болгон памирлик кыргыздардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү.
Маалыматка караганда, Абдрасул уулу Абдугафардын үй-бүлөсүндө кыз төрөлүп, ага мурдакы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын ысмын ыйгарышкан.
«Чолпон Султанбекованын аракети менен Кыргызстанга келдик. Биз ага абдан ыраазыбыз», — дейт памирлик кыргыздар.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Памирден 33 этникалык кыргыз Кыргызстанга алынып келгенген. Алардын 17си балдар. Кийин 3 үй-бүлө карай көчүп кетишкен.