Бишкектин айрым аймактарында үч күн бою газ жок болот

10:43, 21 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым аймактарында үч күн бою газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Береговая, Новая, Мыскал, Садовая, Алтын-Бешик жана Коммунаров көчөлөрүндө жаратылыш газы берилбейт.

21-23-октябрь күндөрү аталган даректерде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.