Өкүмгө ылайык, Айсултанга 18 айлык сыноо мөөнөтү берилип, 140 сааттык коомдук жумуштарды аткаруу жазасы чегерилди. Мындан тышкары ал маңзатка болгон көз карандылыктан арылыш үчүн атайын сабактарга барып, 1 миң 300 доллардын тегерегиндеги айып пул төлөшү керек болот.
Соттун билдирүүсүнө караганда, Айсултан Назарбаев быйыл 5-июнда маңзат чегип алып, полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирөөсүнүн колун тиштеп алган.
Айсултан Назарбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын учурдагы төрайымы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу. Ал Британиядагы Падышалык аскердик академияны аяктаган. Кийин Казакстанга келип Футбол федерациясын жетектеп турган.