Ош ЖЭБи жылуулук мезгилине толугу менен даяр

10:51, 18 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Ош ЖЭБи жылуулук мезгилине толугу менен даяр. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.

Жылуулук борборунун директору Анарбек Аттокуровдун айтымында, магистралдык жана кварталдык түйүндөр, жылуулук агрегаттары кышка даяр.

Запаста 4 миң 108 тонна мазут бар, дагы 6 миң тонна алынып келинет.

Ош ЖЭБ 319 көп кабаттуу турак үйдү, 88 бюджеттик уюмдарды, 12 оорукана менен бейтапканаларды жана 5 өндүрүш объекттерин жылуулук менен камсыз кылат.