Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт

11:33, 17 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.