Ленин айылында белгисиз бирөөлөр көрүстөндү талкалап кетишти

10:30, 17 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында белгисиз бирөөлөр көрүстөндү талкалап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

Маалыматка караганда, вандализм фактысын алгач жергиликтүү тургундар байкашкан. Көрүстөндү болжол менен 15-октябрга караган түнү талкалап кетишкен.