12:21, 16 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги Коенкөзов көчөсүндөгү үйдүн 5-кабатынан кулап кеткен өспүрүм ооруканада каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ал Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан.
Окуя 8-октябрда болгон. 17 жаштагы өспүрүмдү 3-шаардык балдар клиникалык ооруканасына алып келишкен.