11:46, 16 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Британдык изилдөө компаниясы Борбордук Азиядагы жана Чыгыш Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн мыкты окуу жайларынын рейтингин аныктады.
Тизмеге 350 жогорку окуу жайлары кирген. ЖОЖдор академиялык кадыр-баркы, иш берүүчүнүн имиджи, студенттер менен мугалимдердин өз ара мамилелери сыяктуу ар кандай көрсөткүчтөр боюнча бааланды.
Кыргызстандан мыктылардын арасына БААУ жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети кирди. БААУ тизмеде 163-орунду, «Манас» 190-орунду алды.
Рейтинг боюнча лидерликти М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети алды. Эстония, Чехия жана Польша алгачкы ондукта турат, ал эми Түркия, Казакстан жана Литвадагы окуу жайлар топ-20га кирди.