21:19
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө даяр

Кыргызстан менен Түркия соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу Кеңешинин Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, буга чейин макулдашылгандай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча жумушту күчөтүүгө даяр экенин белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума