Сүлүктүдө каза болгон шахтердин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү

10:18, 16 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Сүлүктү шаарындагы шахтада набыт болгондордун үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика- Ата Журт» фракциясы кабарлады.

Депутат Таабалды Тиллаев маркум шахтерлордун үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, өзүнүн жана парламенттин төрагасынын атынан жардам берген.

Таабалды Тиллаев жергиликтүү бийлик органдарына кен казуучу жайда коопсуз чараларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындай окуялардын алдын-алууну буйруду.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү Сүлүктү шаарындагы көмүр кенине 40, 43 жана 44 жаштагы бир туугандар түшүп, кайра чыгышкан эмес.