09:42, 16 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык окуучулар геометрия боюнча Иран олимпиадасында эки медаль алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандык 78 окуучу (7-11-класстар) геометрия сабагы боюнча Ирандын 6-дистанттык олимпиадасына катышты. Анда Исхак Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин окуучусу Барчынбек уулу Сыймык коло, Ош шаарынын «Сема» лицейинин окуучу Адиль Абдирасулов күмүш медалды жеңиш алышты. Эки окуучу тең 11-класстар үчүн олимпиаданын татаал вариантынан өтүшкөн.
«Келечек», «Газпром», «Сапаттын» жана Бишкектеги № 61 мектептин 7-8-класстарынын окуучулары жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып, 4-даражадагы грамоталарды алышты.
Эске салсак, геометрия боюнча Иран олимпиадасы 6-жолу өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 мамлекетинен 6 миң 200 окуучу катышкан. Олимпиаданын 50 тапшырмасы Россия, Польша, Улуу Британия, Вьетнам, Голландия, Македония, Косово жана Ирландиядагы авторлор тарабынан даярдалган.